ВКЛ / ВЫКЛ: ИЗОБРАЖЕНИЯ: ШРИФТ: A A A ФОН: Ц Ц Ц Ц
Базар-Коргон шаардык мэриясынын
расмий сайты

National emblem of Kyrgyzstan 2016.svg

Базар-Коргон шаардык мэриясынын

расмий сайты
МЕНЮ

Базар-Коргон шаарынын мэрисы

Базар-Коргон айылы түштүк Кыргызстандын азыркы Жалал-Абад областынын аймагында жайгашкан. Базар-Коргон ар түрдүү эстеликтерге жана көптөгөн окуяларга бай шаар 1918-жылдын март айында Никольский (азыркы Советский) айылында ревком уюштурулуп, биринчи жолу Совет өкмөтү орнотулган. Ревкомдун биринчи секратары Осмонали Сатылганов, кызыл аскер гвардиясынын башчысы Ефим Орлов деген адамдар болушкан. 1920-жылы Базар-Коргон району түзүлүп, райондун борбору Базар-Коргон айылынакөчүрүлгөн. 1924-жылга чейин Туркистан Республикасынын курамында болгон. 1920-жылы Базар-Коргон айылында Мавлянбай Булатов башчылыгында жаңы мектеп ачылган. 1924-жылы октябрь айында Орто Азия аймагында улуттук аралык чек аралар бөлүштүрүү жүргүзүлгөндө Базар-Коргон Кара-Кыргыз автономиялыкобластка, 1926-жылы Кара-Кыргыз автономиялык Республикасынын Жалал-Абад контурунун курамына кирген. 1924-жылдын 1927-жылга чейин “Ойим” району (азыркы Пахтабад) Жалал-Абад областында болгон. 1924-жылдан 1927-жылга чейин “Ойим” району (Азыркы Пахдабад) Жалал-Абад областында болгон. 1924-жылдан 1934-жылга чейин Ленин районунун жерлери Базар-Коргон районунун карамагында болгон. 1934- жылдан “Ойим” району Өзбекстан ССР на өткөзүлгөн, Сейдикум айылы Базар-Коргон районуна кошулгандыктан Ленин районуөзүнчө район болуп түзүлгөн. 1959-жылы Ош областында Ленинский району түзүлүп, Базар-Коргон кыштак совети болгон. 1987 – жылы Жалал-Абал областы Базар – Коргон кыштак совети болгон. 1996-жылы 5 – май күнү Базар-Коргон айыл өкмөтү түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-февралындагы №19 “Базар-Коргон шаары статусун берүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде Базазр-Коргон айыл өкмөтунун базасында Базар-Коргон шаары түзулуп Кенеш айыл өкмөтунун Совет айылы жана Кызыл жана Орто сай участкалары кошулду.

Базар-Коргон шаарында 14 жалпы билим берүүчү мекемелер - 2 гимназия мектептери, 1 инновация гимназия мектеби, 20 мектепке чейинки билим берүү уюмдары, 1 кесиптик лицей, 1 аймактык оорукана, 5 үй бүлөлүк дарыгерлер топтору бар, 2 фельдшердик акушердик пункт.

Жалпысынан 2023-жылдын 1-январына карата 59152 адам жашайт. Базар-Коргон шаарына 1 шаар, 4 айыл кирет.

© 2024. Все права защищены.