ВКЛ / ВЫКЛ: ИЗОБРАЖЕНИЯ: ШРИФТ: A A A ФОН: Ц Ц Ц Ц
Базар-Коргон шаардык мэриясынын
расмий сайты

National emblem of Kyrgyzstan 2016.svg

Базар-Коргон шаардык мэриясынын

расмий сайты
МЕНЮ

Момбеков Юсупжан (1926-1983)

Бул кишинин басып өткөн жолун жаза берсек ак кагазга сыйбайт сыягы. Эл үчүн, жери үчүн кызмат кылган бул инсан 1926-жылы 3-октябрда Майлуу-Суу шаарындагы Бедре-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Момбек жана апасы Тойчу беш балалуу болушкан. Беш уулдун эң туну Юсупжан, анан Алимжан, Аманжан, Токтобү, Тотукан болгон.

Юсупжан эң алгачкы эмгек жолун Ленин районундагы Рахманжан атындагы колхоздо учетчик болуп иштөө менен баштап, андан кийин Карл Мракс атындагы колхоздо болхгалтер болуп, андан соң колхоздун башкармасынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

1953-жылы эл ишеним көрсөтүп, Бүргөндү айылдык кеңешине депутаттыкка шайлашкан. 1956-жылы Бүткүл Союздук айыл чарба көргөзмөсүнө катышып, көргөзмөнүн медалы менен сыйланууга татыктуу болгон.

1958-жылы борборубузда бухгалтердик эсептөө курсун аяктаган. Колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеп жүрүп, 1971-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктаган.

1961-жылы Калинин атындагы колхозго көчүп келишкен, ошол кезде ал колхоздун председатели болуп шайланган.

1965-1969-жылдары Калинин шайлоо округуна, 1971, 1975, 1982-жылдары катарынан Хиля айылдык кеңешине депутаттыкка шайланган.

1979-1980-жылдары Ленин райондук Советтинин депутаты катарында эл ишенимин аткарган.

1966-жылы колхоз өндүрүшүн уюштуруудагы өлчөөсүз эмгеги үчүн «Ардак белгиси» орденине татыктуу болсо, 1967-жылы айыл чарбада көрсөткөн ийгиликтери үчүн күмүш медалы, 1970-жылы Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган. 1971-жылы ага эмгектеги жетишкендиктери үчүн Ленин ордени ыйгарылган.

Момбеков айылынын эл агартуу тармагына да өзүнүн чоң салымын кошкон, 1964-жылы анын эмгеги менен 10 класска ылайык мектеп ачылып, мындан 30дан ашуун мугалим эмгектенген. Мына ушул эмгеги үчүн Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланат. 1971-1972 - окуу жылдары анын колдоосу менен эки кабаттуу чоң мектеп курулуп, пайдаланууга берилген. Бул билим уясы 12 класстык бөлмө, 1 спорт зал, 1 устакана, 1 ашкананы ичине камтыган эле. Азыркы учурда бул мектепте 900дөн ашуун окуучу билим алып, 41 мугалим иштеп жаткан убагы. Мектеп куруп гана тим болбостон андагы окуучулардын окуу тарбия иштерине өз көзөмөл жүргүзүп тургун. Анын билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурган жана камкордук көргөн эмгеги бааланып, 1972-жылы билим берүү министрлиги тарабынан «Элге билим берүүнү мыктысы» төш белгиси менен сыйланат.

1973-жылы Юсупжан Момбеков СССР Жогорку Советинин Президиуму тарабынан Ленин ордени менен кошо «Социалисттик Эмгектин Баатыры» ардактуу наамы жана «Орок жана Балка» алтын медалы ыйгарылган.

1974-жылы ал жетектеген чарба Бүткүл Союздук социалисттик мелдеште жогорку көрсөткүчкө жетишкендиги үчүн төш белги, Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына карата эстелик медалы менен сыйланган.

Мындан тышкары өзү жетектеген колхоздун элинин жашоо денгээлин көтөрүүдөгү эмгеги мамлекет тарабынан ар дайым жогорку сыйлыктар менен бааланып келген. Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын изилдөөсүнүн негизинде даярдаган «КСЭ» китебинен Юсупжан Момбековдун ысымы да орун алган.

Көп жылдык эмгеги бааланып, СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен 1982-жылы да ал Ленин орденине татыктуу болгон.

Ал өзүнүн билимин жана эмгегин азыркы Момбеков айылы аймагынын өсүп-өнүгүшүнө, элдин жакшы шартта жашоосуна сарпталат.

Чынында бул инсан тарыхта калгандай улуу эмгектерди жараткан. Анын чыныгы жетекчилик уюштуруучулук эмгеги менен Собз учурунда ал жетектеген Калинин атындагы колхоз экономикалык жактан өнүккөн ири чарбага айланган. Мектептер, ооруканалар, балдар бакчалары, маданият үйлөрү, балдар бакчалары жана башка социалдык имараттар курулган. Ошол кездеги айылдар газдаштырылган. Көчөлөргө асфальт бастырылып, каналдар курулган.

Калк үчүн ак ниет менен кызмат өтөп келген татыктуу инсан Юсупжан Момбеков 1983-жылы дүйнө салды.

Азыр бул инсандын ысмы аңыз кеп юолуп айтылып калды. анын ысмы өзү жашап-иштеген айыл аймагына ыйгарылып, ушул тапта момбеков айыл өкмөтү аталып олтурат. 2010-жылы ал өзү курдурган Маданият сарайынан атайын жай берилип, Юсупжан Момбековдун өмүр, эмгек, ишмердүүлүгүн баяндаган музей уюштурулган.

Кезегинде өзү башкарган чарбаны экономикалык жактан жогорку бийиктикке жеткирип, республикадагы эң алдынкы колхозго айландырган бул инсан чыныгы уюштургуч жетекчи, элдин камкор адамы, таза жана ак ниет эмгеги менен көпчүлүк таанылган даңктуу адам болгон. Бүгүнкү күнгө чейин Юсупжан Момбеков туурасында жакшы пикирлер айтылып, анын жасаган эмгеги унутулбай келет

© 2024. Все права защищены.