Базар-Коргон шаардык мэриясынын
10
октября
2023
|
Базар-Коргон шаардык мэриясынын балдардын жана жаштардын абалы жөнүндөгү” доклады – Базар-Коргон шаарындагы балдарга жана жаштарга байланышкан кырдаалды талдоо жана анализ болуп саналат.
Доклад шаар аймагындагы балдардын жана жаштардын абалы боюнча системалуу аналитикалык маалыматтарды камсыз кылуу балдардын укуктарын маселелери боюнча оптималдуу чечүү, ошондой эле алардын укуктарын коргоо жана өнүктүрүү.
Доклад, “Балдардын укуктары” жөнүндө БУУнун, "Балдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодекси, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине таянып даярдалды.
Докладдын максаты шаардагы балдардын жана жаштардын абалына комплекстүү баа берүүдө аныкталган көйгөйлөрдүн негизинде жергиликтүү денгээлде чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.
Доклад Базар-Коргон шаардык мэриясынын статистикалык маалыматтарга негизделген. Мындан тышкары, шаардагы балдардын жана жаштардын муктаждыктарын аныктоодо изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде эске алынган. Докладда билим берүү, социалдык өнүгүү башкармалыгынан, коомдук тартипти сактоо, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан маалыматтарына негизделген.
Ушул докладда негизги маселелери чагылдырылып, жетим жана майып балдардын абалы, кылмыштуулук, укук бузуулардын жана жашы жете элек балдардын кароосуз калган мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларынын негизинде даярдалды. Ошондой эле баяндама балдардын маселелерин оптималдуу түрдө тез арада чечип, алардын укуктарын камсыз кылып, балдарды коргоо жана өнүктүрүү боюнча ЖӨБОнун, түрдүү мамлекеттик органдардын жана социалдык кызматтардын ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды аныктоо максатын көздөйт.